Журналисты
Жаңылыктар

«Журналисттер» коомдук бирикмеси кесиптештерди 3-майда “Журналисттер аллеясында” көчөттөрдү отургузууга чакырат

Урматтуу журналисттер, 3-майда белгиленүүчү Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүндө “Журналисттердин аллеясында” көчөттөрдү отургузууга чакырабыз.

“Журналисттер аллеясы” Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бакзардын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан (картаны караңыздар).

Иш-чаранын башталышы: 10:00. Ар-бир кесиптеш көчөттөр жана керектүү шаймандар менен камсыздалат. Иштин соңунда фуршет уюштурулмакчы.

Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата иш-чара ЮНЕСКОнун Алматыдагы Бюросунун колдоосу менен уюштурулууда.

Байланыш телефондору: 0772 55-10-83 (Марат Токоев), 0552 17-23-45 (Рахат Саламатова), 0779 522-116 (Азамат Тынаев).

Окшош посттор

Ысык-Көлдө журналистке 5 миллион сом доо коюшту

Administrator
17.12.2020

Ошто журналисттер үчүн үй куруу демилгеленди

Administrator
06.11.2012

Марат Токоев: “ДЕМ” сайтынан бир эле мезгилде кырктан ашуун гезит, сайттардын материалдарын окуса болот

Administrator
21.12.2012